8- Октябрь 2011 -жылы Алайдын Коңур-Дөбө өрөөнүндө легендарлуу Курманжан датканын 200 жылдык мааракеси өткөрүлгөн
Алайдын Коңур-Дөбө өрөөнүндө легендарлуу Курманжан датканын 200 жылдык мааракеси өткөрүлгөн.
Курманжан датка – атагы алыска кеткен, кыргыз журтчулугун кыйын күндөрдө сактап калган кайраттуу, асыл инсан. 2011-жыл расмий түрдө “Курманжан датка жылы” деп аталган. Ошондуктан датканын урматына жер-жерлерде ар кандай эскерүү кечелери, мааракелер өткөрүлгөн. Алардын эң масштабдуусу Алай жергесинде өткөрүлгөн маараке болгон. 3 күнгө созулган тойдун жыйынтык кечеси 8-октябрга белгиленип, ага Кыргыз Республикасынын Президенти Роза Отунбаева баш болгон бийлик өкүлдөрү атчан келишкен. 
Мааракеде жалпысынан 9 улуттук ат оюндары көрсөтүлүп, ошондой эле кол өнөрчү уздардын колунан жасалган 314 боз үй тигилген. Боз үйлөрдүн арасынан эң кооз жасалгага президент тарабынан 100 миң сом сыйлык тапшырылган. 
Андан сырткары, театрлаштырылган спектакль коюлуп, Керим Турапов, Салима Балтаева, Асел Турдалиева, Дайыр Исмадияров, Даниель, Гүлжигит Калыков, Алихан, Гүлзада Рыскулова жана башка ырчылар катышкан концерт болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан