8- Октябрь 2011 -жылы куудул Дөөлөт Мадымаев каза болгон
Куудул Дөөлөт Мадымаев оорудан улам көз жумган.
Дөөлөт Мадымаев 1961-жылы 11-февралда Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Кара-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Булаш кыштагында туулган. Апасынан 16 жашында ажырап, үйдүн улуусу болгондуктан, турмуштун далай ысык-суугун башынан өткөргөн. Мектепте тентек, шок, тамашакөй окуучу болгон. Кесиптик орто окууну бүтүрүп, тракторист-механик күбөлүгүн алган. 
Куудул Манас Бердибеков Кара-Сууда жүрүп, эл арасынан Дөөлөт Мадымаевдин талантын байкап, чоң сахнага алып келген. 1987-жылы “Чал-кемпирдин чатагы” деген номери менен Кызыл-Кыя шаарында алгачкы жолу сахнага чыккан.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА