8- Октябрь 1960 -жылы
актриса Алмагүл Алсейитова туулган
Актриса Алмагүл Алсейитова Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Боз-Учук айылында туулган. Мектепти аяктаган соң Кыргыз драма театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырып, кийин Ташкенттеги Театралдык көркөм институтунда окуган. Алмагүл Алсейитова "Байтик баатыр" спектаклинде Айымбача (башкы роль), "Маашырбек үйлөнөт" Зыйнат Бекеевна, "Апендинин 5 катыны" спектаклинде улуу аялы Фатиманын жана башка ролдорду аткарган.