9- Октябрь 1852 -жылы
Курман айт майрамы туура келип, Кокон ханы Кудаяр майрамдык салтанаттан соң кыпчактарга кол салган
Курман айтта таңга жуук Кокон ханы Кудаяр майрамдык салтанатты баштап, Ташкент беги Нурмагомеддин аскер парадын көргөн.
Салтанат бүткөндөн кийин Кудаяр баштаган кокондуктар кыпчактарга кол салышкан. “Кыпчактарды үйүнөн, көчөдөн, бакчадан, атүгүл мечиттерден өлтүрүп жатышты” деп жазган кандуу окуянын күбөсү.
Кыпчак козголоңунун ана башчысы Мусулманкул хан аскерлери тарабынан кармалып, Кокон шаарында жазага тартылган. Кыпчак кыргынында жалаң эле бир этноско кол салынбастан, кыргыздар да көп өлтүрүлгөн. “Тауарих хамса” чыгармасында кабарлангандай, миңдеген кыпчак өлтүрүлүп, алардын мал-мүлкү хандык казынага тартылып алынган. Кыпчак кыргынында миңдеген адам набыт болуп, аман калгандары кыргыздарга качып, тоолордо баш калкалашкан.