Пулат баштаган кыргыздардын 1875-жылдын күзгү көтөрүлүшү Кокон хандыгы үчүн коркунуч жаратүүчу чекке жеткен. Анжыян салгылашынан кийин Пулатхан убактылуу ордосун Асакедеги кыштак базарына орнотуп, хандыкка нааразы калкты кашына топтой баштаган. Анжыянга тушташ жайгашкан кыргыздар Асакеге агылып, көп өтпөй анын аскеринин саны 12 миңге чамалаган. Маргалаң шаарынын козголоңчулардын колуна өтүшү хандыктын ички абалынын кескин начарлашына алып келген.