9- Октябрь 1977 -жылы орусиялык актёр Егор Бероев туулган
Орусиялык актёр Егор Бероев Москва шаарында актёрлордун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Щепкин атындагы Театралдык училищени аяктап, кино жаатындагы карьерасы телесериалдардан башталган. Егор Бероев "Железнодорожный романс", "Турецкий гамбит", "Девять неизвестных", "Погоня за ангелом", "Адмиралъ", "Химик" ж.б. тасмаларда роль жараткан. Ал 2003-жылы Болгариянын Пловдив шаарында "Железнодорожный романс", 2005-жылы Санкт-Петербургда "Папа" тасмасындагы мырзанын ролун мыкты аткарганы үчүн сыйлыкка татыган. Ошол эле жылы "GQ" журналынын версиясы боюнча "Жылдын мыкты актёру" деп табылып, "Жыл адамы" наамын алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан