10- Октябрь 732 -жылы
Европанын тарыхындагы тагдыр чечүүчү Пуатье салгылашы болгон
Европанын тарыхындагы тагдыр чечүүчү Пуатье салгылашы болгон. Тарых хроникаларында аталган окуя "Тур кашындагы салгылаш" деп белгиленсе, араб хроникалары аны "Шахид когортасынын согушу" деп аташкан. Франк падышалыгы менен эгемен Аквитания ээлигинин ортосунда орун алган Тур шаарына жакын жерде 732-жылдын 10-октябрында франктар менен араб аскерлери согуш талаасында беттешишкен. Австразия майордому Карл Мартеллдин колу аль-Андалусия генерал-губернатору, Омейяд Халифатынын аскер башчысы Абдур-Рахман ибн Абдаллахтын армиясы менен согушуп, франктар жеңишке жетишкен. Франк хроникалары Карлга Жараткан жардамга келди дешип, ага Мертелл деген ысым ыйгарышкан. Батыш тарыхчылары Пуатье салгылашын ислам дининин Европага жайылыш таасиринин токтотулушу катары баалашат.