11- Октябрь 1961 -жылы Египеттик ырчы Амр Диаб туулган
“Habibi” аттуу ыры менен белгилүү болгон египеттик ырчы Амр Диаб (толук аты ­Амр Абд-Албасет Абд-Алазиз Диаб) Египеттин Порт-Саид шаарында туулган. Алгачкы жолу Египеттин мамлекеттик радиолорунун биринде “Biladi Biladi” деп аталган Египеттин гимнин аткарган. 1967-жылы 23-июнда Порт-Саид шаарында өткөн музыкалык фестивалда Амрге эң биринчи сыйлык тапшырылган: шаардын губернатору кичинекей жылдызга өз колу менен гитара белек кылган. Ошондо Амр Диаб болгону 6 жашта болгон.
21 жашка келгенде Амр Диаб өз шаарынан кетип, Каирге сапар алган. Борборго келээри менен Араб Музыкалык колледжинин окуучуларынын катарына кошулуп, акырындап радио жана теледен аты атала баштаган. Бир жылдан кийин Амр эң алгачкы “El Zaman” деген ырын ырдап чыккан. Тилекке каршы, бул композиция ийгиликке жетишпей, тез эле унутулуп калган.
Амр колледжден кийин Искусство Академиясына өтүп, 1986-жылы окуу жайдын музыкалык факультетинин диплому менен кошо өзүнүн эки альбомун элдин назарына тартуулаган. Амрдин расмий түрдөгү эң биринчи ырлар жыйнагы болуп эсептелген “Ya Tareek” альбому ийгиликтүү болгон. Бир жылдан кийин эле “Asef La Yougad Hal Akhar” деген ырлары жыйнагы жарык көргөн. Андан соң Амр Диаб 1988-жылы дагы эки альбомду удаа даярдоого жетишкен. Жылдын негизги хит ырына айланган “Hala Hala” аттуу композиция ырчыны Египеттен тышкары жакын өлкөлөргө да тааныта баштаган. Ал эми 1989-жылы ырчынын “Shawa na” жана “Khalseen” аттуу дагы эки альбому жазылган.
1990-жылдардан тартып Амр Диаб атактуу ырчылардын катарына кирген. Анын кезектеги “Matkhafeesh” альбому жазылып, андан кийин 1991-жылы атактуу “Habibi” ыры жазылган.
Музыка дүйнөсүндө белгилүү бийиктикке жеткен соң, ырчы өзүн актёрлук кесипте да сынамак болуп, 1988-жылдын август айында “El Saginatean” деп аталган тасмада Египеттин алдыңкы актёрлору Эльхам Шахен жана Юсеф Шаабан менен бирге тартылган. 1990-жылы тартылган 2-фильми “El Aafareet” деп аталган. Амрдин тартылган “Ice Cream Fe Gleem” тасмасы бүткүл дүйнө­лүк кино өндүрүшүндө алдыңкы орундарга ээ болгон. Бул фильмдин саундтреги катары Амрдин аткаруусундагы ырлар колдонулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан