14- Октябрь 1930 -жылы
Конго мамлекетинин диктатору Мобуту Сесе Секо туулган
Конго демократиялык республикасын 33 жыл башкарган Мобуту Сесе Секо Конгонун Лисала шаарында туулуп, 1997-жылы 7-сентябрда 66 жашында рак оорусунан көз жумган. Ал 1966-жылы мурдагы өкмөт башчысын, 3 министрди 50 миң кишинин көзүнчө дарга астырганы жана оппозиция өкүлдөрүн репрессиялагандыгы менен эсте калган. Мобуту Сесе Секо өлкө башында 1965-жылдан 1997-жылга чейин болгон.