Билими – жогорку. 1992-жылы Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун маданият агартуу факультетин, 1995-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юридика факультетин, 2013-жылы Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясын бүтүргөн.
Эмгек жолун:
1986-1988-жылдары – Совет Армиясынын катарында кызмат өтөгөн
1992-1995-жылдары – балдардын №5-музыкалык мектебинде директордун орун басары,
1995-1997-жылдары – "Юта" жеке фирмасында директордун коммерциялык иштер боюнча орун басары,
1997-2000-жылдары – жеке ишкер,
2000-2003-жылдары – "Асфальтобетон" ачык акционердик коомунда коммерциялык директор,
2003-2005-жылдары – "МАМ" ачык акционердик коомунун Ош филиалында материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы,
2005-2008-жылдары – "МАМ" ачык акционердик коомунун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн башчысынын орун басары,
2008-2010-жылдары – Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигине караштуу "Кыргызтуракжайкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасынын сатып алуулар бөлүмүнүн башчысы болгон.
2010-жылы "Республика" партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.