12- Октябрь 1906 -жылыШабдан баатырдын 1897-жылдын октябрь айындагы император Николай IIден жер бөлүп берүүнү сураган өтүнүчү канааттандырылбай турган абалга жеткен
Шабдан баатырдын 1897-жылдын октябрь айындагы император Николай IIден жер бөлүп берүүнү сураган өтүнүчү империянын түркүм бюрократиялык мекемелеринде каралып, ал канааттандырылбай турган абалга жеткен. Империялык Жер тейлөө жана аны иштетүү боюнча башкы башкармалыгы 1906-жылдын 12-октябрында “Шабдан баатырга жер бөлүп берүү максатка ылайыксыз” деген бүтүм чыгарган. Мекеменин көз карашына ылайык, бул убакта Пишпек уездинде көчмөн калкка тиешелүү жер тилкелерин тактоо жана жер которгондор үчүн бөлүнчү жер аймактарын аныктоо иши башталган. Мындай шартта жеке өтүнүчтөрдү канааттандыруу баш аламандыкка алып келери белгиленген.