Бразилиядагы Рио-де-Жанейро шаарынын символу болуп калган Ыйса Куткаруучунун эстелиги ачылган. Ошол жылдан бери колдорун кенен жайып, бүт шаарды кучагына алып турган эстелик Рио-де-Жанейронун тургундарынын кең пейилдигинин, меймандостугунун белгиси болуп, миллиондогон туристтерди шаарга чакырып турат. Эстеликти дүйнө кереметтеринин катарына кошуу үчүн Бразилиянын президенти да өз добушун берген.