17- Сентябрь 1966 -жылы
Ырчы Расул Маматкулов төрөлгөн
Ырчы, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Расул Маматкулов Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Көк-Арт айылында туулган. Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун аяктаган. Расул Маматкулов 1989-жылы өткөн Жаштар фестивалын жеңип алып, ошондон кийин чыгармачылыкка аралашып калган. Ырчыга "Мен бийге чакырсамбы?", "Эңсей берем", "Бийле" деген ырлары популярдуулук алып келген.