13- Октябрь 1916 -жылы
Түркстан райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы М.Н.Волков Түркстан генерал-губернатору А.Н.Куропаткинге Жети-Суу областында өткөн көтөрүлүш туурасында түшүндүрмө жөнөткөн
Түркстан райондук күзөт бөлүмүнүн башчысы М.Н.Волков Түркстан генерал-губернатору А.Н.Куропаткинге Жети-Суу областында өткөн көтөрүлүш туурасында түшүндүрмө жөнөткөн. Район башчысы Чүй өрөөнүндө башталган көтөрүлүштүн хронологиясы, мүнөзү жана өнүгүшү туурасында маалымат берип, анын жетекчилери жөнүндө мүнөздөмө берген. Мындан тышкары, көл кылаасында козголоң боюнча кабар жолдоп, андан жапа чеккендер менен шейит болгон адамдардын саны жана талоончулук туурасында маалымат жолдогон.