1- Февраль 1969 -жылы
аргентиналык футболчу Габриэль Батистута туулган
Габриэль Батистута Аргентинанын Реконкиста шаарында туулган. Аргентиналык чыгаан футболчулардын катарына кирет. Профессионалдык клубдук карьерасынын башталышында аргентиналык “Ньюэллс Олд Бойз” (1988-89-жылдары ойногон), “Ривер Плейт” (1989-1990), “Бока Хуниорс” клубдарында баштаган. Кийин италиялык “Фиорентина” (1991-2000), “Рома” (2000-2003), “Интер” (2003) клубдарында ойногон. Аргентина курама командасынын тарыхында эң көп гол киргизген оюнчулардын катарында. Анын эсебинде 78 оюн, 56 гол бар. Габриэль карьерасын 2005-жылы катарлык “Аль-Араби” клубунда жыйынтыктаган. Анын ысымы дүйнөлүк футболдо кенен орун алган.