14- Октябрь 1980 -жылы
Түрк актрисасы Жансу Дере туулган
Түрк актрисасы Жансу Дере Түркиянын Анкара шаарында туулган. Мектепти аяктаган соң Стамбул университетине тапшырып, археология бөлүмүн аяктаган. Студент кезинен тартып моделдик бизнес менен алектенип, Түркиядагы эң көп каражат тапкан моделдердин катарын толуктаган. Ошондон улам режиссёрлордон сунуш түшө баштаган. Анын кино тармагына болгон кадамы 2002-жылдан башталып, алгач "Күүгүм" телесериалында тушоосун кескен. Ал эми атактуулукту ага Гүл Огуздун "Сыла. Үйгө кайтуу" тасмасы алып келген. Андан соң "Эзель" (Эйшан Атай), "Даңазалуу кылым" (Фируза) ж.б. тасмаларда роль жараткан.