17- Октябрь 1988 -жылы
Украиналык ырчы, ди-джей, алпаруучу Иван Дорн туулган
Украиналык ырчы, ди-джей, алпаруучу, “Пара Нормальных” тобунун экс-солисти Иван Дорн Орусиянын Челябинск шаарында төрөлгөн. Иван 11-класста окуп жүргөндө апасынын сунушу менен Орусиянын "Жылдыздар фабрикасы-6" теледолбооруна катышып, алдыңкы 20 катышуучунун катарын толуктаган. Аталган теледолбоордун акыркы турунда жеңилип калган. 2006-жылы Иван Киевдеги И.К.Карпенко-Карый атындагы Улуттук театр, кино жана телевидение университетинин кинематография факультетине тапшырат. Студент кезинде алпаруучулук жагынан өзүн сынамакка М1 телеканалына келип, көп ийгиликке жетишет. Дал ушул жайдан кесиптеши Анна Добрыдневаны жолуктуруп, экөө "Пара нормальных" дуэтин түзүшөт. 2008-жылы 4-октябрда аталган дуэт "Бактылуу аякташын ойлоп табам" ("Я придумаю happy end") ырлар жыйнагын жарыкка чыгарат. 2010-жылы Иван Дорн аталган топтон чыгып кеткен. Иван топтон кеткен себебин келишимдин бүткөндүгү жана жеке өзү мындан да чоң ийгиликтерди жаратып, бийиктиктерди багынта тургандыгы менен түшүндүргөн.
Иван Дорн жеке ырчы катары "Стыцамэн", "Бигуди", "Түндүк жаркырагы" ("Северное сияние"), "Көк, сары, кызыл менен" ("Синими, жёлтыми, красными") ырлары менен белгилүү болгон.