13- Октябрь 2005 -жылы террорчулар Кабардин-Балкариянын борбору Нальчик шаарындагы бир нече маанилүү объектилерге чабуул коюшкан
Кабардин-Балкар өлкөсүнүн укук коргоо органдары 2005-жылдын 12-октябрынан 13-октябрга караган түнү 10 адамдан турган радикалдык топко каршы операция жүргүзүшүп, алардан жарым тонна жардыргыч зат табышкан. 13-октябрь күнү 200гө жакын согушкер ар кандай жардыргыч заттар менен куралданышып, Нальчик шаарындагы бир нече маанилүү объектилерге чабуул коюшкан. Анын кесепетинен 93 согушкер, 35 укук коргоо кызматкери жана 12 тынч тургун набыт болуп, 100дөн ашуун адам жаракат алган. Аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигинин берген маалыматына караганда, согушкерлер өлкөнүн борборун басып алууну көздөшкөн. Алгач кол салуу Орозо айынын соңуна, 4-ноябрга пландалган. Бирок өлкөнүн укук коргоо органдары ага чейин террорчулардын кээ бирин кармап алган үчүн окуя 13-октябрда болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан