13- Октябрь 2008 -жылы обончу, ырчы, дастанчы, төкмө акын Ашыраалы Айталиев көз жумган
Обончу-ырчы, дастанчы, төкмө акын, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, III даражадагы "Манас" орденинин ээси Ашыраалы Айталиев 81 жаш курагында дүйнөдөн өткөн.
Ашыраалы Айталиев 1927-жылы Кант районундагы Жедигер айылында туулган. Акындын ырга болгон кызыгуусу мектепте окуп жүргөн чагынан эле башталган. Ак таңдай акын Ашыраалы Айталиев кыргыз рухий көркөм дүйнөсүнүн келечегине кам көрүп, анын аракети менен Кыргызстанда жаш төкмө акындардын, манасчылардын мектеби ачылган.
Ашыраалы Айталиев төкмөлүк менен биргеликте ырчылыкты, дастанчылыкты да өнүктүрүп келген. Улуу таланттын “Жылкычы”, “Нарындан жазган салам кат”, “Ак шоокум”, “Оюнда кимдин гүлүсүң?” жана башка ырлары элдин сүйүктүү ырларына айланган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан