15- Октябрь 2008 -жылы Коомдук жана саясий ишмер Аманбек Карыпкулов каза болгон
Учурунда Улуттук телерадиону, президенттик администрацияны жетектеген, кийин Түркияда элчилик жүктү аркалап келген коомдук жана саясий ишмер Аманбек Карыпкулов 70 жашында көз жумган.
Философия илимдеринин доктору, профессор, академик, коомдук жана саясий ишмер Аманбек Карыпкулов 1939-жылы Талас районунун Кара-Суу айылында туулган. Пржевальскидеги (азыркы Каракол шаары) пединституттун орус тили жана адабияты факультетин бүтүргөн. Эмгек жолун ошол эле институтта окутуучу, институттун комсомол комитетинин катчысы болуу менен баштаган. КМУнун философия кафедрасында аспирант, окутуучу, Кыргызстан КП БКда инструктор, илим жана окуу жайлар бөлүм башчысынын орун басары, бөлүм башчысы, Кыргызстан КП БКнын катчысы, ФПИнин илимий коммунизм кафедрасынын профессору, Кыргыз илим изилдөө педагогикалык институтунда ага илимий кызматкер, башкы илимий кызматкер, Кыргыз энциклопедиясынын башкы редактору, мамлекеттик "Акыл" концернинин төрагасы, Мамлекеттик улуттук телерадиоберүү компаниясынын президенти болуп иштеген. 2001-жылдын мартынан тартып Президент администрациясынын жетекчиси, ал эми 2002-жылдан 2005-жылга чейин Кыргыз өлкөсүнүн Түркия жана Македония Республикаларындагы толук ыйгарым укуктуу элчиси болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан