15- Октябрь 1955 -жылы Кыргыз балбаны Кожомкул Каба уулу көз жумган
Кыргыз балбаны Кожомкул Каба уулу 67 жаш курагында көз жумган.
Кожомкул Каба уулунун туулган жылы боюнча так маалымат жок. Кээ бир эскерүүлөрдө 1888-жылы Суусамырдагы Кең-Суу кыштоосунда туулган деп айтылса, айрымдарында 1889-жыл деп көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын саясий документтер архивинде 1889-жылы туулгандыгы белгиленет. Билими 2 класстык болуп, документтерге латын тилинде "Gabajev" деп кол койгон. 1931-1932-жылдары КПССтин мүчөлүгүнө өтүп, партбилетинин номери 1354413 болгон. 
Бала кезинде байларда койчу болгон. Ал эми 1921-1929-жылдары Суусамыр кедейлер комитетинин төрагасы­, 1930-жылы Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы, Суусамыр, Кайырма, Көкөмерен айылдык кеңешинин аткаруу комитеттеринде төрагалык кызматтарда иштеген. 1948-жылы персоналдык пенсияга чыгып, өмүрүнүн аягына чейин “Победа” колхозунда жылкы фермасынын башчысы болуп иштеген. 
Кожомкул Каба уулуна жаратылыш өтө зор күчтү, дене түзүлүштү тартуулаган. Айрым маалыматтар боюнча, 47 жашында анын салмагы 164 кг, боюнун узундугу 2 м 36 см, 52 өлчөмүндөгү өтүк кийген. Колунун баш бармагынын калыңдыгы 4 сантиметр, алаканынын узундугу 26 сантиметр болгон. 15 жашында күрөшкө түшүп, 45 жаштагы дасыккан балбанды жыккан. Өмүр бою күрөштө эч кимге алдырган эмес. Казак балбаны Балбан-Шолакты жыккандан кийин анын атагы казак элине да тараган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан