15- Октябрь 1942 -жылы Мамлекеттик жана партиялык ишмер Турсунбек Чыңгышев туулган
Мамлекеттик жана партиялык ишмер Турсунбек Чыңгышев Нарын облусундагы Төш-Булак айылында туулган
Турсунбек Чыңгышев 1963-жылы Бишкек автожол техникумун, 1968-жылы Калининград кечки машина куруу техникумун, 1975-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин, 1987-жылы Москвадагы Коомдук илимдер академиясын бүтүргөн.
Ал эми 1963-жылы Ак-Суу районунда жол мастери болуп иштеп, 1963-1966-жылдары армияда кызмат өтөгөн.
1966-1968-жылдары Калининград (мурдагы Кёнигсберг) шаарындагы машина куруу заводунда комсомолдук иште, 1968-жылы кайрадан армияга чакырылып, танк ротасынын командиринин орун басары, 1970-1980-жылдары Бишкекте комсомолдун Биринчи Май райондук, Кара-Көлдөгү Бүткүл союздук эпкиндүү комсомолдук курулушта (Токтогул, Күрп-Сай ГЭСтеринде) комсомол комитетинин, партия комитетинин катчысы, партиянын Кара-Көл шаардык комитетинин биринчи катчысы болуп иштеген.
1980-1989-жылдары Кыргызстан КП БКнын аппаратында өнөр жай бөлүмүнүн башчысынын орун басары, социалдык-экономикалык бөлүмдүн башчысы.
1989-1991-жылдары Токмок шаарынын партия комитетинин биринчи катчысы, шаар кеңешинин төрагасы,
1991-жылдан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы (вице-премьер-министр),
1991-жылы августтан жыл аягына чейин СССР "убактылуу өкмөтүнүн" мүчөсү, 1992-жылдын февралынан 1993-жылдын декабрына чейин Кыргыз Республикасынын премьер-министри болгон. Өкмөт башчы болуп турганда, алтын чыккан Кумтөр ири кенин канадалык “Cameco” фирмасынын пайдасына чечип берүүдө чечкиндүү роль ойногон. Чуулгандуу бул окуянын айынан легендарлуу парламент аны отставкага кетирүү маселесин көтөрүп чыккан.
Андан соң 1994-жылдан Гонконг эл аралык коммерциялык банкынын башкы директору иштеп, 1990-1995-жылдары Кыргыз Республикасынын эл депутаты болгон.
Турсунбек Чыңгышев “Кыргызстанда бир гана акмактар жана жалкоолор уурдабайт” деген учкул сөзү менен таанымал болгон.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан