
Советтик киши өлтүргүч Андрей Чикатило Украинанын Яблочное кыштагында туулган. Анын 1978-жылдан 1990-жылга чейин 53 адам өлтүргөнү далилденген (өзү 56 адам өлтүргөнүн моюнуна алган, оперативдик маалыматтар боюнча 65тен ашык өлтүрүүлөр болгон). Андрей Чикатило "Кутурган жырткыч", "Ростов ич жаргычы", "Кызыл ич жаргыч", "Токой тилкесинен чыккан өлтүргүч", "X жараны", "Шайтан", " Советтик Джек-Ич жаргыч" деген аттарга конгон. Экинчи дүйнөлүк согуш маалында апасы анын улуу байкеси Степанды "уурдап, жеп кетишкен" деп айтып коркуткандыктан, ал үйдөн чыкчу эмес. Бирок Степандын төрөлгөнү жана өлгөндүгү тууралуу эч кандай документ табылган эмес.
Андрей Чикатило 1954-жылы мектепти аяктап, МГУга тапшырып өтпөй калган. Ал өзүнүн атасы "мекен саткыны" болгондуктан окууга өткөрбөй коюшту деген ойдо калган. Кийинчерээк ал техникумга тапшырып, армиядан кызмат өтүп, жумушка орношуп, үй-бүлөлүү болгон. Эң биринчи курмандыгы 9 жаштагы Елена Закотнованы 1978-жылы 22-декабрда өлтүргөн. Еленаны зордуктап, муунтуп, үч жолу ичине бычак менен сайып өлтүргөн. Кийин белгилүү болгондой Чикатило Еленаны өзүнүн (үй-бүлөсүнө билгизбей сатып алган батирине) үйүнө "сагыз берем" деп алдап киргизген. Тергөө маалында өзүнүн айтканы боюнча ал жөн эле "тентектик кылып" коюну көздөгөн, бирок ал кызды чечиндире баштаганда, кыз ыйлап, кыйкырып баштаган. Чикатило кызды кошуналары угуп калат деген ойдо оозун жаап, аны муунта баштаган. Муунтуп жатканда кыздын чыгарган үндөрүнөн ал ырахат алып, зоордуктап салган.
Бир жыл өткөн соң ал 17 жаштагы кызды өлтүрүп, андан кийин сериялуу өлтүрүүлөрдү баштаган.
Акыркы курмандыгы 22 жаштагы Светлана Коростик болгон. 1990-жылы 20-ноябрда Чикатило кармалып, сот аны өлүм жазасына тартууга өкүм чыгарган. Өлүм жазасына тартылардын алдында Орусиянын ошол убактагы президенти Борис Ельцинге кылмыш жазасынан куткарууну суранып кат жазган. Суранычы четке кагылып, 1994-жылдын 14-февралында Чикатило өлүм жазасына тартылган.