18- Октябрь 1912 -жылы
Кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Дүр Сооронбаев үч суткага камакка алынган
Кыргыздын алгачкы агартуучуларынын бири Дүр Сооронбаев үч суткага камакка алынган. Дүр Сооронбаевди Токмок участкалык приставынын штаб-капитаны Кутуков камап, ага "жогорку кызматтагы адамдарга жалган жалаа жапкан" деген айып коюлган. Орус архивдик материалдары көрсөткөндөй штаб-капитан Дүр Сооронбаев менен жакын мамиледе болгон жана анын кыргыз калкынын арасындагы кынтыксыз кадыр-баркын жогору баалаган. Дүр Сооронбаев өз убагында мектеп курдуруп, кыргыз жаштарын окуткан жана коомдук ишмердүүлүгү менен калк арасынан кадыр тапкан адам болгон.