2- Февраль 2003 -жылы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынган
Бүткүл элдик референдумда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынган (ага президент 18-февралда кол койгон).
Бешинчи жолку Конституциялык өзгөрүү, толуктоолор тарыхта белгилүү Аксы окуясынан кийин, президенттин аброю начарлап, өлкөдө саясий-коомдук абал оорлогондугуна байланыштуу Акаев башында турган мамлекеттик бийлик менен айрым "оппозиция" терисин жамынган саясатчылардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин, 2002-жылы сентябрь айында атайын түзүлгөн Конституциялык кеңешме тарабынан башталган.
Конституциялык Кеңешме иштеп чыккан долбоор 2002-жылы 17-октябрында бүткүл элдик талкууга чыгарылган.
Бирок Президент Акаев Конституциялык кеңешме иштеп чыккан долбоорду эмес, өзү түзгөн көмүскөдөгү эксперттик топтун долбоорун 2003-жылы 2-февралда өткөрүлгөн элдик референдумда кабыл алдырууга жетишкен. Бул долбоор "Кыргыз Республикасынын Конституциясынын Жаңы Редакциясы" деп аталган.
1993-жылкы Конституциянын айрым жоболору калыбына келтирилген. Мисалы: 1994-жылы референдум менен экиге бөлүнгөн Жогорку Кеңеш бириктирилген. 1998-жылы референдум менен алып салынган депутаттык иммунитет кайра калыбына келтирилген, 1996-жылы референдум менен алып салынган өкмөттүн мүчөлөрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндөгү Жогорку Кеңештин укугу калыбына келтирилген.
Бирок мындай айрым артка чегинүүгө карабай негизинен 2003-жылкы Конституциялык реформа деле президенттин бийлигин, статусун андан ары күчөтүү тенденциясын сактап калган.
Мисалы, 1996-жылдан тартып мыйзам күчүнө ээ болгон жарлыктарды чыгаруу, референдумдун президент тарабынан гана жарыялануусу, парламентти таркатуу үчүн чектелбеген, такталбаган негиздер сакталган укуктары, өкмөттү отставкага кетирүү маселеси жана башка маселелер президенттин карамагында калган.
Мурдагыдай эле өкмөттү башкарууга жетиштүү ыйгарым укугу жок премьер-министр өкмөттүн иши үчүн "садага" чабылары, иш жүзүндө өкмөттү башкарган президенттин эч нерсеге жооп бербеши сакталган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан