18- Октябрь 1979 -жылы
Америкалык ырчы, продюсер, актёр Ни-Йо туулган
Америкалык ырчы, продюсер, актёр Ни-Йо АКШнын Арканзас штатындагы Камден шаарында туулган. Толук аты-жөнү – Шаффер Чимер Смит. Мектепте окуп жүргөндө эле Шаффер “Кызгануу” (“Envy”) деген топтун мүчөсү болгон. 2000-жылы топ жоюлуп кетип, бирок Не-Йо ыр жазып, композитор болуп, өзү кызыккан иштерди аткаруу менен алек болгон. Ошондо эле атактуу ырчылардын көбүнө ыр жазып берген. Ошол учурда жакын досу аны продюсер Антонио Рейд менен тааныштырат да, ал экөө келишим түзүшкөн. Анын биринчи дебюттук ыры “Stay” деп аталган.