18- Октябрь 1984 -жылы
Индиялык жана америкалык актриса Фрида Пинто туулган
Индиялык жана америкалык актриса Фрида Пинто Бомбейде (азыркы Мумбай) төрөлгөн. Мектепти аяктаган соң Фрида англис адабияты жана искусствосу боюнча бакалавр бөлүмүн аяктаган.
2006-2007-жылдары бир нече теледолбоорлорго катышып, жарнамаларга тартылган. Ошондон кийин "Жарды аймактан чыккан миллионер" тасмасына кастингге чакырылган. 2008-жылы тасма актрисанын дебюттук кадамы болуп, 2009-жылы 2-пландагы мыкты ролу үчүн BAFTA наамына көрсөтүлүп, байгеге татыган. Ал эми 2011-жылы "Кудайлардын согушу", "Жарды аймактан чыккан сулуу" деген тасмаларда өзүн сынаган.