
Комузчу, күүчү, ырчы жана аткаруучу Нурак Абдырахманов Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Тоголок Молдо айылында туулган. Токмок шаарындагы Республикалык маданият окуу жайын бүтүргөн. Эмгек жолу өз айылында клуб башчысы болуу менен башталган. Райондук маданият үйүнүн жана балдар музыкалык мектебинин директору, Аламүдүн районунун Байтик айылындагы Маданият үйүнүн башчысы болуп иштеген. 1986-жылдан тартып Т.Сатылганов атындагы Кыргыз мамлекеттик филармониясынын солисти болгон. Элдик жана башка авторлордун 100дөн ашык күүсүн черткен. Токтогул, Атай, Муса, Бектемирлердин жана башка элдик болуп кеткен ырларды чебер аткарган. Эл аралык көптөгөн фестивалдардын лауреаты. Анын аткаруусундагы музыкалык чыгармалар Японияда, Францияда, Чехияда, АКШда компакт-дисктерге жазылып, массалык нуска менен чыгарылган. 2001-жылы август айында Өзбекстандын Самарканд шаарында ЮНЕСКО менен биргелешип өткөрүлгөн музыкалык фестивалдын байгесин жеңип алып, ЮНЕСКОнун сертификатынын ээси болгон. Бул сертификат Н.Абдрахмановго дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун концерт берүүгө жолдомо болгон.
Нурак Абдырахмановдун аткаруусундагы "Жибек жол", "Так теке" чыгармалары өнөрүн дагы өзгөчө деңгээлге көтөрүп, дүйнө элдерине даңазалап келе жатат. Анын "Аттила хан", "Азаттык камбаркан", "Улуу тоолор", "Сары-Өзөк", "Найман эне" жана башка көптөгөн күүлөрү жана "Бул дүйнө", "Аппак сүйүү тартуула" сыяктуу обондуу ырлары бар. 2009-жылы "Нурактын күүлөрү" деген аталыш менен анын чыгармаларынын арасынан 17 залкар күүсү нотага түшүрүлүп, өзүнчө көлөмдүү китеп болуп чыккан.
Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Нурак Абдырахманов узак оорудан улам 2014-жылы 25-майда 67 жаш курагында дүйнө салган.