20- Октябрь 1963 -жылы Цирк аренасына кыргыз труппасы алгачкы ирет чыккан
Кызыгы, алгачкы кыргыз циркачы кытай улутундагы адам болгон. 1962-жылы өкмөттүн чечими менен эң алгачкы кыргыз цирк труппасы түзүлгөн. Ал “Жаш Кыргызстан” деп аталып, анын жетекчиси болуп кытай улутундагы Чжан Фун-Лин дайындалган (кыргыздарга каны сиңишип калган кытай кийин Жаныбеков деген фамилияга өткөн дешет). Цирк аренасына кыргыз труппасы алгач 1963-жылы 20-октябрда чыккан. Бул дата кыргыз циркинин төрөлүү күнү катары тарыхта калган. Ал эми 1976-жылы 1000ден ашуун орундугу, циркке ылайыкташкан технологиясы менен цирк имараты курулган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан