22- Октябрь 1934 -жылы
“Советская Киргизия” гезитине Баткен районундагы сабатсыздык туурасында макала жарыяланган
“Советская Киргизия” гезитине Баткен районундагы сабатсыздык туурасында макала жарыяланган. Макалада райондогу сабатсыздык жайылганы белгиленип, атүгүл айылдык кеңештин кызматкерлери кол койгонду билбей тургандыгы кабарланат. Мындан тышкары райондук жетекчилер сабатсыздык менен күрөшүүнүн ордуна райондогу үлгүлүү мектептин имаратын мекеме үчүн тартып алгандыгы жазылган.