22- Октябрь 1965 -жылы Советтик, белоруссиялык жана орусиялык актёр, сценарист, режиссёр Дмитрий Иосифов туулган
Буратинонун ролу аркылуу атактуулукка жеткен советтик, белоруссиялык жана орусиялык актёр, сценарист, режиссёр Дмитрий Иосифов Минскте туулган. Муз үстүндө бийлөө мектебинде жүргөнүндө Дмитрийди балдардын арасынан тандап алып эле Арлекинонун ролуна бекитип коюшкан. “Ичим ооруп жатат” деп качканына карабай кайра апкелип, Буратинонун ролун беришкен. Алгач тартылуудан баш тартып качып жүргөн болсо, мындан кийин анын жашоосу өзгөрүлүп, кинодон башканын баары кызыксыз болуп туюла баштаган. Буратинонун ролунан кийин “Красная шапочка”, “Капитан Сорви-Голова” тасмаларына да тартылган. Бир кезде “Приключения Буратино” фильминен тушоосу кесилген актёр режиссёрлук менен да алектенип, “Убойная сила” сериалына, “Последний герой”, “Двенадцать негритят” теледолбоорлоруна режиссёрлук кылган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан