23- Октябрь 2003 -жылы Орусиянын президенти В.В.Путин Кыргыз өлкөсүнө бир күндүк иш сапары менен келип, "Кант" аба майданы ачылган
Орусиянын президенти В.В.Путин Кыргыз өлкөсүнө бир күндүк иш сапары менен келген. Кыргыз өлкөсүнүн президенти Аскар Акаев менен Владимир Путин Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна кирген өлкөлөрдүн пайдалануусуна берилген "Кант" аба майданынын ачылыш салтанатына катышкан. Салтанат соңунда эки президент аба базанын ачылышына байланыштуу сөз сүйлөп, журналисттердин суроолоруна жооп беришкен. Ушул эле күнү А.Акаев менен В.Путин Бишкекте өткөн “Кыргызстан - Орусия” аттуу инвестициялык форумга катышкан. Форум алкагында жалпысынан 14 миллион долларга барабар эки тараптуу инвестициялык документтерге кол коюлган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан