Жогорку Кеңеш депутаты Т.Акматбаевдин өлүмүнө байланыштуу Бишкек шаарында башталган митингге “Ар-намыс” партиясынын чет жердеги мүчөлөрү тынчсызданган билдирүү жасашкан. Билдирүүдө Кыргыз өлкөсүндөгү кылмыштуу топтордун ич ара кандуу чатагы өлкөдөгү олку-солку абалды ого бетер бузуп жаткандыгы жана бул окуялардын артында президент Курманбек Бакиевдин карааны калдайып тургандыгы белгиленет.