Юсуп Абдрахманов Орто Азия Аткаруу комиссиясынын жыйынына катышып, байлардын чарбасынан күч менен тартып алуу маселеси боюнча каршы пикирин билдирген. Анын көз карашына ылайык, бай-манаптардын мал-мүлкүн тартып алуу жол-жобосу али иштелип чыккан эмес жана аны кандай ыкма менен жүргүзүү керектиги да белгисиз болгон. Ошондуктан адегенде кедей-кембагалдардын чарбасын уюштуруу ыкмасын жолго коюп, анан байлардын мал-мүлкүн ортого алуу ыкмасын иштеп чыгуу зарыл деп маселени кабыргасынан койгон.