Тынычбек Акматбаевдин өлтүрүлүшүнө байланышкан нааразычылык акция таң эртеден тарта Жогорку Кеңеш имаратынын кашында улантылган. Имарат маңдайына тогуз боз үй, эки көчмө кафе, эки аскер чатыры тигилип, акцияга чыккан адамдарга ысык тамак, чай берилип турган. Ошол кездеги Жогорку Кеңешти депутаты, парламенттин мыйзамдуулук жана тартип коргоо комитетинин төрөгасы Тынычбек Акматбаев Бишкектин жака белиндеги Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясына барган учурда түрмөдөгүлөрдүн кол салуусуна кабылып каза тапкан. Аны менен кошо дагы үч киши өлтүрүлгөн. Тынычбек Акматбаев баштаган топ абактагы кырдаал менен таанышуу максатында барган. Бул топ андан ары түрмөлөрдүн абалын көрүү максатында Молдовановка айлында жайгашкан №31 түзөтүү колониясына сапар улайт. Абакта жаткандар менен сүйлөшүү учурунда белгисиз себептерден эки ортодо чыр чыгып, ок атышуу болуп кетет. Түрмөдөгү башаламандыкка камакта жаткан 200гө жакын адам катышкан. Натыйжада андан депутат Тынычбек Акматбаев жана анын жанындагы үч киши каза тапкан.