Президент Аскар Акаев "Кыргызстандын Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койгон. Мыйзамда добуш бере турган адамдын бармагына белги коюу шарты каралган. Шайлоочулардын колуна белги коюу шарты коомчулукта карама-каршы пикирлерди жараткандыктан “Демократия жана атуулдук коом үчүн” бейөкмөт уюму калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзө тургандыгын жарыялаган.