26- Октябрь 2005 -жылы
“Ар-намыс” партиясынын демилгеси менен премьер-министр Феликс Куловду колдогон митинг Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн
“Ар-намыс” партиясынын демилгеси менен премьер-министр Феликс Куловду колдогон митинг Бишкектин Ала-Тоо аянтында өткөн. “Биз коркпойбуз” деген жазуу бар төш белги тагынган митингчилер “Куловдун отставкасы - демократиянын өлүмү”, “Текебаев, Эшимканов – элдик депутаттар”, “Жарандык согушка жол бербейбиз” деген жазуулары бар плакаттарды көтөрүп чыгып, бийликтен кылмыштуулукка каршы чечкиндүү күрөш жүргүзүүнү талап кылышкан.