18- Июль 1959 -жылы Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун туулган
Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун Нарын өрөөнүндөгү мурдагы Калинин колхозунун аймагында туулган. Айыл чарба институтун ветеринар, ал эми КУУну юриспруденция адистиги боюнча бүтүргөн. Эмгек жолун эт комбинатта тери иштетүү бөлүмүндө баштаган.
1992-жылы "Кыргызстан укук коргоо кыймылын" негиздеген. 2008-жылы өлкөнүн Акыйкатчысы болуп шайланып, ант берген. 2013-жылы январь айында Жогорку Кеңеште депутаттардын көпчүлүк добушун алуу менен Турсунбек Акун КРнын Акыйкатчысы болуп кайрадан шайланган. Ал эми 2013-жылдын 27-июнунда Жогорку Кеңеш Турсунбек Акунду өз антын бузгандыгы үчүн кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу тууралуу токтом кабыл алган.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан