29- Октябрь 1938 -жылы
Киши өлтүргүч америкалык медайым Жейн Топпан жиндиканада жатып каза болгон
Атайын 31 кишини өлтүргөн америкалык медайым Жейн Топпан 84 жашында жиндиканада жатып каза болгон.
Жейн Топпан 1885-жылы медайымдын окуусун окуй баштаган. Ал оорулуу адамдарга ар кандай күчтүү дарыларды көп өлчөмдө сайып, ал оорулуулардын нерв системине кандай таасир этээрине байкоо жүргүзгөн. Жейн Топпан 1901-жылы 26-октябрда киши өлтүргөндүгү үчүн кармалган. Алгач 11 кишини өлтүргөнүн мойнуна алса, кийин 31 адамды өлтүргөнү далилденген.
Кылмыш иликтөө убагында Жейн Топпан психикалык жактан оорулуу экени аныкталган. Сот аны күнөөсүз деп таап, жиндиканага жаткызуу тууралуу өкүм чыгарган. Жейн Топпан калган жашоосун өмүрүнүн аягына чейин жиндиканада өткөргөн.