Коомдук жана саясий ишмер Мухтарбек Өмүракунов Ат-Башыда туулган. Мухтарбек Өмүракунов 1989-жылы Фрунзе Политехникалык окуу жайынын инженер-курулуш факультетин бүтүргөн. Өзү да эмгек мигранты болуп, азап-тозокту башынан өткөргөн адам катары чет жердеги мекендештерибизге жардам кылуу максатында 2003-жылы “Замандаш” ассоциациясын түзгөн.