28- Октябрь 2006 -жылы Жайыл баатырдын 300 жылдыгына арналган майрамдык салтанат Кара-Балта шаарында белгиленген
Айтылуу Жайыл баатырдын 300 жылдыгына арналган майрамдык салтанат Кара-Балта шаарында белгиленген. Жайыл баатыр кыргыз деп кылыч кармап, убагында жер-сууга көз арткан калмак жана коңшу калктардын дымагын токтоткон белгилүү тарыхый инсандардан болгон. Жайыл баатырдын эсепсиз эрдиги эл эсинде сакталып, санжыра болуп айтылып калган. Майрамдык салтанатта Жайыл баатырдын өз мекенин тышкы баскынчылардан коргогон каармандыгы көрсөтүлүп, тарыхый инсандын жаркын элесин эл эсинде сактоо керектиги белгиленген.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан