28- Октябрь 1957 -жылы
Казак ырчысы Роза Рымбаева төрөлгөн
Казак ырчысы Роза Рымбаева Казакстандын Семипалатинск облусуна караштуу Жангизтөбе станциясында төрөлгөн. Роза интернаттан билим алган. Мектеп-интернатын аяктаган соң Алматы шаарын көздөй сапар тартып, 1975-жылы 18 жашында музыкалык орто окуу жайына тапшырып, студенттердин катарына кошулган. Ушул эле жылы алгачкы жолу Улуу Ата Мекендик согуштун 30 жылдык юбилейине арналган ырлар сынагына катышып, көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болгон. Ошол эле жылы эң популярдуу деп саналган республикалык “Гүлдер” деп аталган жаштар эстрадалык ансамблинин башкы дирижёру Таскын Окапов Розага өзүнүн тобунда ырдоону сунуштап, көп өтпөй Роза бул топтун катарын толуктап, бир аз убакыттан соң Таскын Окаповго турмушка чыккан. Көп узабай “Алия” аттуу ыры менен бүткүл совет өлкөлөрүндө популярдуу болууга жетишкен. “Гүлдер” тобунда үч жыл ырдагандан кийин күйөөсү Таскын экөө “Арай” деп аталган ансамбль ачышып, андан ары ушул жаңы топтун ырчысы катары тааныла баштаган. Жаш экенине карабай Ленин комсомол сыйлыгынын лауреаты жана “Өмүр бою ыр менен”, “Алтын Орфей”, “Сопот” сынактарынын жеңүүчүсү, андан тышкары, Казак ССРинин Эмгек сиңирген артисти деген наамдын ээси болгон. Кийинчерээк “Парасат” ордени менен сыйланган, Казак ССРинин Эл артисти наамынын жана “Сахна жылдызы” сыйлыгына арзыган.
1979-жылы Роза билимин өркүндөтүү максатында Казак көркөм театралдык институтуна тапшырган. Кийинчерээк Алматыдагы эстрадалык цирк колледжинде билим берүү тармагында да эмгектенген.