Советтик актриса, СССРдин Эл артисти Фаина Раневская 87 жашында оорудан улам Москвада көз жумган. Анын сөөгү Москвадагы "Жаңы Донск" көрүстөнүндө эжеси Изабелланын жанына жерге берилген.
Фаина Георгиевна (Григорьевна) Раневская 1896-жылы 27-августта Орусиянын Таганрог шаарында туулган. Ал Таганрог Мариинск кыздар гимназиясын аяктап, А.Ягеллонун (А.Н.Говбергдин) жеке менчик театр студиясында таалим алган.
Фаина Раневская Москва алдында, Крымда, Ростов-Дондо, Бакуда, Архангелскиде, Смоленскиде жана башка шаарларда ар кыл театрларда ролдор аткарган.
Москвада Камералык театрда (1931-1935), Кызыл Армиянын Борбордук театрында (1935-1939), Драма театрында (азыркы В.Маяковский атындагы Москва академиялык театры, 1943-1949), А.С.Пушкин театрында (1955-63), Москеңеш атындагы театрда (1949-1955, 1963-1984) иштеген.
1934-жылы алгачкы жолу кинодо - Михаил Роммдун "Болтогой" ("Пышка") деген тасмасында рол аткарган.
Айтылуу "Карлсон кайтып келди" деген мултфилмдин үнүн жаздырууда, ал Фрекен Бок деген кейипкердин үнүн окуп берген.
Британдык "Who is Who" энциклопедиясы 1992-жылкы чыгарылышында аны 20-кылымдагы даңазалуу өнөрпоз айымдардын тизмесине кошкон.