28- Октябрь 1997 -жылы Мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмонов каза болгон
Мамлекеттик жана коомдук ишмер Бекмамат Осмонов жүрөгүнө жасалган операциянын эртеси 52 жашында дүйнөдөн кайткан.
Бекмамат Осмонов жылкычынын үй-бүлөсүндө, сегиз эркек бир туугандын ичинен төртүнчүсү болуп 1945-жылы 24-майда Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Беш-Бадам айылында туулган. Балалыгы жайлоо менен кыштоонун коюнунда өтүп, 1-класска ушул эле райондогу Акман айылынын мектебине барган. 1963-жылы Фрунзе шаарына келип, Айыл чарба академиясына тапшырып, ал жерден зоотехник кесибине ээ болуп чыккан.
Эмгек жолун Ош облусундагы асыл тукум кой заводунда зоотехник болуп иштөөдөн баштап, 26 жашында Чоң Алай совхозунун башчысы болууга жетишкен. Андан ары көтөрүлүп отуруп, Алай райондук аткаруу комитети, Ош облустук комитети, Токтогул райондук комитети, Жалал-Абад облустук кеңешинде жетекчилик кызматтарда иштеген. Жогорку Кеңештин 2-чакырылыштагы, анын ичинде "легендарлуу парламенттин" депутаты болгон.
1991-жылы Жалал-Абад областынын биринчи губернатору болуп шайланган. Дал ушул кызмат орду Осмоновду чоң тандоо жасоого түртөт. Анын күн санап калк ичинде кадыр топтоосу борбордук бийликке жакпай, губернаторду кызматтан алып түшүү үчүн кутумдар менен жалаа жабуулар башталат. Ошентип, бийликтин кысымы менен бул кызматтан отставкага кетүүгө мажбур болгон.
Көзү өтүп кеткенге чейин Токой башкаруу агенттигинин төрагасынын орун басары болуп турган. Осмоновдун демилгеси менен Жалал-Абад телерадиокомпаниясы негизделген. Анын жетекчилигинин алдында Токтогул Сатылгановдун 125 жылдыгы, Жоомарт Бөкөнбаевдин 80 жылдыгы өткөрүлгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан