29- Октябрь 1705 -жылы Орусиялык тарыхчы, археограф, академик Герхард Фридрих Миллер туулган
Орусиялык тарыхчы, археограф, академик Герхард Фридрих Миллер туулган. Болочок тарыхчы Вестфалия шаарында төрөлүп, убагында Лейпциг университетин бүтүргөн. Г.Ф.Миллер 1725-жылы Орусияга келип, адегенде Санкт-Петербург шаарындагы академиялык гимназияда латын, тарых, географияны окута баштаган. Академик Миллер Экинчи Камчатка экспедициясына (1733-1743) катышуу маалында Сибир калктары, анын ичинде энесайлык кыргыздар туурасында баалуу маалымат топтогон. Кийин ал материалдар 1750-жылы жарык көргөн "Сибир тарыхы" китебинин негизин түзгөн.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан