Жазуучу Кубатбек Жусубалиев Алай районундагы Кердегей айылында туулган. 1963-жылы КМУнун филология факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүрүп, 1965-1967-жылдары Москвадагы Жогорку сценарийдик курстун угуучусу болгон. Эмгек жолун 1957-жылы колхоздо иштөө менен баштаган. 1953-жылдан баштап Чоң-Алай айылындагы "Кыргызстан" сегиз жылдык мектебинде мугалим болгон. 1964-жылдан облустук "Ленин жолу" гезитинин адабий кызматкери, 1965-1985-жылдары "Кыргызтелефильм" студиясында редактор болуп иштеген.