
Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү Ольга Мануилова Нижний Новгороддо аскер врачынын үй-бүлөсүндө туулган. 1912-жылы 19 жаштагы Ольга скульпторлор Хофштедер менен Шверегленин жеке мектептеринен окуу үчүн Мюнхенге барган. Бир жылдан кийин Москвага келип, билимин андан ары уланткан.
Кыргыз өкмөтүнүн чакыруусу менен 1939-жылы О.М.Мануилова Т.Сатылгановдун эстелигинин долбоорун иштеп чыгуу үчүн республикага келген. Кыргызстандын адамдары, жаратылышы сүрөтчүгө абдан жаккандыктан, О.М.Мануилова бул жерде түбөлүккө калууну чечкен. Ушул учурда Фрунзеде (азыркы Бишкек) С.А.Чуйков, Г.А.Айтиев, С.Акылбеков өңдүү таланттуу сүрөтчүлөрдүн тобу түзүлүп калган. Скульпторлордон болсо О.Мануилова биринчилерден болгон.
Анын колунан “БЧКнын куруучулары”, “Фронтко жардам”(1942-ж.) портреттери жана генерал И.В.Панфиловдун эстелиги жаралган. Кийинчерээк анын долбоорлору боюнча Ж.Бөкөнбаевдин, Т.Молдонун, М.Күрөңкеевдин эстеликтери Фрунзе шаарына тургузулган. Анын портреттик галереясынан согуштун жана эмгектин ардагерлеринин, коомдук ишмерлердин, карапайым адамдардын образдарын көрө алабыз. Чебердин колунан 600дөн ашуун скульптуралык чыгармалар жаралган.
О.Мануилованын эң мыкты портерттик эмгеги болуп “СССРдин Эл артисти С.Кийизбаеванын портрети” (1952-ж.) жана “Жаш кыргыз” (1955-ж.) портрети саналат.
Өкмөт анын эмгектерин эске алып “Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү” деген наам ыйгарган. Ошондой эле Эмгек Кызыл Туу, Ардак белгиси ордендери жана бир канча медалдар менен сыйланган.