
Кыргыз ССРинин, СССРдин Эл сүрөтчүсү, Кыргыз сүрөт искусство өнөрүнүн баштоочусу, таланттуу сүрөтчү, коомдук ишмер Семён Чуйков Бишкек (Пишпек) шаарында туулган. Атасы аскер катчысы болгондуктан, 1902-жылы үй-бүлөсү Алматыга көчүп кетишип, С.А.Чуйков ал жактан орто билимге ээ болгон.
Ал 1921-жылы Москвадагы Бүткүл союздук техникалык жогорку көркөм сүрөт окуу жайынын живопись (ВХУТЕМАС) бөлүмүнөн окуп, аны бүткөндөн кийин (1924) Санкт-Петербург жана Москвадагы В.И.Суриков атындагы Сүрөт институтунда сабак берип иштеген.
1933-жылы Кыргызстанга кайтып келип, 1934-жылы Сүрөтчүлөр союзун уюштурган жана сүрөт окуу жайын ачкан. Ошол жылдары ал РСФСРдин Эл агартуу Комиссариатына кайрылып, август айында Москвадагы музейлер фондусунан 72 картина алып келип, Кыргыз мамлекеттик сүрөт өнөр музейинин пайдубалы башталып, ал сүрөт музейинин уюштуруучусу болгон.
Сүрөтчү Кыргыз сүрөтчүлөр кошуунунун төрагасы болуп иштөө менен бирге эле сүрөтчүлүк тубаса талантын улантып, орус реалисттик сүрөт өнөрүнүн алдыңкы салттарына таянып, биринчи планга кыргыз элинин эмгекчи адамдарынын образын түзүүнү максат кылып коюп, чыгармаларында турмуштун көрүнүштөрүн көлөмдүү көркөм формалар аркылуу сүрөттөгөн.
С.Чуйковдун “Бактылуу эне”, “Калык Акиевдин портрети” (1938), “Токтогул эл арасында” (1939-1941) аттуу полотнолору анын өтө чебер живописчи экендигин көрсөтөт.
Ал эми үчилтик формасында тартылган “Кыргыз колхоз сюитасы” (1939-1948), “Биздин боордоштор” (1952-1967) сыяктуу циклдеринде, өзгөчө алардын ичинен “Биздин Кыргызстан” деген сериясы өзүнүн балалык кезинен тартып, дасыккан сүрөтчүгө чейин жеткен чыгармачылык жолун камтыса, 1949-жылы “Кыргыз колхоз сюиталары” аттуу көркөм сериясы үчүн СССРдин Мамлекеттик сыйлыгына татыктуу болгон.
Сүрөтчүнүн 1948-жылы тартылган “Советтик Кыргызстандын кызы” жана “Чабандын кызы” аттуу чыгармалары үчүн 1958-жылы Брюсселдеги Бүткүл дүйнөлүк сүрөт көргөзмөсүндө ага алтын медаль ыйгарылган.
С.Чуйков кыргыз жеринин жаратылышын жан дили менен кабылдап, ажайып кооз жерлерин көрүп, кооздуктун сырларын туя билген өтө сезимталдыгы анын “Кыргыз мотиви”, “Бүркүтчү”, “Чак түш”, “Кеч”, “Тянь-Шань тоолорунун этектеринде”, “Менин өлкөмдүн тынч талааларында” деген пейзаждарында кыргыз турмушунун ар түркүн абалы эң чебер сыпатталгандыгынан байкалат. Мындан башка да балдар турмушу анын сүйгөн темасы болгондуктан, “Дүмбүл кармаган бала” (1941), “Сууга түшкөн балдар” (1946), “Жоолукчан кыз” сыяктуу этюддарынан сүрөтчүнүн бала кезинен кыргыз балдарынын кулк-мүнөздөрүн өмүр бою аздектеп жүргөндүгү көрүнөт.
Ал эми “Манас” эпосундагы “Манастын сейилге чыгышы” полотносунда кыргыздардын шумкар салып, тайган агытып, сөөлөттүү салтын көркөм жалпылаштырып, чебер сүрөткерлик бай фантазиясы аркылуу Манас жана анын чоролорунун образдарын элестүү чагылдырып берген.
Индия мамлекетине жасаган саякатынан кийин (1950-1960) сүрөтчүнүн темалары кеңейип, өзүнүн индиялык этюддар сериясы аркылуу дүйнөлүк атакты жеңип алып, Индиянын Неру атындагы Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаттыгына татыктуу болгон.
Борбор калаада анын өнөрканасы 1987-жылдан бери үй-музей деп аталып, ал жерде С.Чуйковдун 1930-1940-жылдардагы натурадан алынып тартылган полотнолору, этюддары сакталуу.
Анын сүрөт өнөрүнө кошкон ири салымдары жогору бааланып, 1944-жылы "Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү" жана "СССРдин Эл сүрөтчүсү" (1963) деген наамдар ыйгарылып, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын (1972) лауреаты болгон. Ленин ордени жана башка орден, медалдар менен сыйланган.
Ал 1980-жылы 18-майда 77 жашында Москвада дүйнөдөн кайткан.