2- Ноябрь 1911 -жылы
Сарыбагыш волостунун башчысы Исамүдин Шабданов болуштук кызматтан бошотулган
Сарыбагыш волостунун башчысы Исамүдин Шабданов болуштук кызматтан бошотулган. И.Шабдановду кызматтан бошотуу буйругуна Жети-Суу областынын губернатору Фольбаум кол коюп, ага бийликке ишенимсиз деген айып коюлган. Жети-Суу областынын губернаторунун буйругу менен бош калган орунга Чамалган болуштугунан Мусахан Алтысбаев дайындалган.