Бүткүл кыргыз элдик чеберчилик олимпиадасы зор салтанат менен ачылган. Партия жетекчилеринин белгилөөсүндө, элдик чеберчиликке арналган олимпиада элдик маданият менен көркөм өнөргө бөлгөн партиялык саясаттын натыйжасы катары каралган. Асыресе, 1930-жылдын башталышынан буга чейин уланып келген илимий иликтөөлөр жана этнографиялык экспедициялар калк арасынан элдик чыгармачылык мурасты жыйнап эле тим болбой, аны аткара турган талант өнөрпоздорун иргеп, маданият борборуна топтоого жетишкен.